Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:28

Украин парламентин таркатууга тоскоолдук жаралды

Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын Жогорку Радасында башкаруучу коалиция ыдырагандан кийин бул парламенттин өзүн таркатууга жаңы президенттин укугу бар болобу же жокпу деген маселе талкууга түшүп жатат.

Раданын төрагасы Андрей Парубий "Европалык Украина" коалициясы ишин токтотконун 17-майда жарыялады. Буга депутаттарынын саны жагынан экинчи орунда турган “Элдик фронт” фракциясынын коалициядан чыгышы себеп болду.

Парламенттин мындай кадамын аны таркатууга мүмкүнчүлүк бербөө аракети катары баалагандар бар.

Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленскийдин инаугурациясы 20-майда гана өтөт. Ал өзү Раданы таркатарын ачык айткан эмес, бирок командасындагы айрым өкүлдөр азыркы парламент элдин ишениминен чыкканын, андыктан жаңы депутаттарды шайлоо керектигин айтып жүрүшөт. (RK)

XS
SM
MD
LG