Бүгүн 18-майда Чолпон-Ата шаарынын ат майданында «Ысык-Көл 2019» эл аралык туристтик жармаңкеси өтүп жатат.
Жарманкенин ачылышына вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова катышып, дүйнөдө туризм тармагы жакшы өнүгүп жатканын, бул тенденциядан Кыргызстан да артта калбашы керектигин айтты.
Өмүрбекова белгилегендей, дүйнөдө туризм ички дүң өнүмдүн 10 пайызын түзүп, экономиканы бекемдөөгө салым кошууда.
- Ошондуктан Кыргызстан да артта калбашы керек. 2018-жылы ички дүң өнүм 27,8 миллиард сомго чыкты. Чекене сооданын көлөмү 4 миллиард сомго көп болду, - деди ал.
Ички туризмди өнүктүрүү максатында "Мен мыкты саякатчымын" аттуу сүрөт, видео сынак өтөрү айтылды.
Иш-чарага бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү жана башка облустардан барган ишкерлер, пансионат ээлери катышууда.
Чет жактан Казакстандан, Ѳзбекстандан, Орусиядан, Грузиядан, Монголиядан жана Азербайжандан өкүлдөр бар. (AsM)