Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 23:32

Абылгазиев “КТ Мобайл” тууралуу: Чарбалык маселени саясатташтырып жатышат


Мухаммедкалый Абылгазиев.

“КТ Мобайл” компаниясы кандай болгон күндө да ишке кириши керек. Мындай пикирин бүгүн 18-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Бул мамлекеттик долбоор. Аны аягына чейин жеткиришибиз керек. Чарбалык, экономикалык маселени саясий маселеге айлантып жатканыбыз туура эмес.

Өкмөт башчы бул долбоорду өзү колдогонун, маселени иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын тыянагын күтүү керектигин жана туугандары аралашканы жөнүндө маалыматтарды тастыктоо зарылдыгын айтты.

"Бажасы, уулу деп жатышат. Туугандарым аралашканы туура эмес деп ойлойм. Бирок ошонун баарын тастыктайлы" деди ал.

«КТ Мобайл» - «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгону ачыкка чыккан.

Парламенттин 15-майдагы жыйынында бир мамлекеттик компаниянын эсебинен экинчи бир мамлекеттик мобилдик байланыш операторун ачуу долбоорунун артында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандары турганы тууралуу кеп козголуп, бул жагдайга баа берүү маселеси көтөрүлгөн. (ErN)

Абылгазиев: "КТ Мобайл" долбоорун колдогом
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG