Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Жогорку сот Матраимовду колдоду


Райымбек Матраимов (ортодо).
Райымбек Матраимов (ортодо).

Жогорку Сот Райымбек Матраимовду колдогон чечим чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Арыз 17-майда каралып, жарандык иштер боюнча соттук коллегия буга чейинки чечимдерди күчүндө калтырды.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында бошотулган. Өкмөт бул чечимге "Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө келтирген.

Кийин ал иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Матраимов иштен мыйзамсыз алынган” деп тапкан. Бул чечимди шаардык сот да күчүндө калтырган. (RK)

XS
SM
MD
LG