Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:37

«Eurovision-2019»: Нидерланддар жеңди


Тел-Авивде өткөн эл аралык «Eurovision-2019» ыр таймашында Нидерланддардан катышкан Дункан Лоуренс жеңүүчү болду. Анын "Arcade" деген ыры сүйүү жана жоготуу жөнүндө. Букмекерлер Лоуренстин утушун алдын ала божомолдошкон эле.

«Eurovision-2019» популярдуу шоусу Израилде 12-майда расмий башталып, 41 мамлекеттен ырчылар күч сынашты. 14-16-майда биринчи жана экинчи жарым финал, 18-майда финал болду. Баш байге - хрусталь микрофон үчүн 26 мамлекеттин ырчылары ат салышты.

Экинчи орунду Италия, үчүнчүнү Орусия алды.

Лоуренс элдик добуш берүү менен алдыга озуп чыкты. Ал эми калыстар швециялык Жон Лундвикти жана Түндүк Македониядан катышкан Тамара Тодевсканы колдошту. Акыркы жыйынтыкта Жон алтынчы, Тамара сегизинчи орунга түшүп калды.

Европа телерадиоберүү бирикмеси түптөгөн бул шоу 1956-жылдан бери жыл сайын уюштурулат жана кайсы мамлекеттин өкүлү жеңсе, ыр жарыш кийинки жылы ошол өлкөдө болот. Былтыр Португалиядагы сынакта израилдик Нетта уткан.

​Ыр таймаш Тел-Авивде коопсуздук чаралары күчөтүлгөн жагдайда, «Тартынбай кыялдан» деген ураан менен өттү.

Нидерланддар мурда бул шоуда төрт ирет жеңген. (SE)

XS
SM
MD
LG