Кызыл Ай эл аралык коомунун Кыргызстандагы жана Түркиядагы өкүлчүлүктөрү Орозо айына карата кайрымдуулук акциясын уюштурду.
Чүй облусунда 250, Нарында 400, Бишкекте 100 үй-бүлөгө азык-түлүк сатылып берилет.
Жакыр жашаган калкка колдоо көрсөтүүгө багытталган бул акциянын алкагында муктаждарга 20-майда Бишкекте ваучерлер таркатылат. Ар бир ваучердин наркы 1400 сом. Аны алгандар арак-шараптан тышкары бардык керектүү азык-түлүгүн супермаркеттерден сатып ала алышат. (BCh)