Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Австриянын вице-канцлери орусиялыктын айынан кызматтан кетти


Хайнц-Кристиан Штрахе.
Хайнц-Кристиан Штрахе.

Австриянын вице-канцлери Хайнц-Кристиан Штрахе парламенттик шайлоо алдында орусиялык бизнесмендин каржылоосу тууралуу сүйлөшүп жаткан видеосу тарагандан кийин кызматтан кетти. Ал башкаруучу коалициянын ыдырашына жол бербөө үчүн ушундай кадамга барганын айтты.

2017-жылдагы видеодо оңчул радикал Эркиндик партиясынын лидери Штрахе өзүн бай орусиялыкмын деп тааныштырган Алёна Макарова аттуу келин менен сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот. Ал Штрахеге шайлоодо каржылык жана саясий колдоо көрсөтүп, бул үчүн бизнесин илгерилетүүгө жардам күтөрүн айткан.

Штрахе өзү эч кандай мыйзам бузбаганын билдирди, бирок ошол видеого кызуу кезиндегиси тартылып калганын мойнуна алды.

Азыр ишти прокуратура териштирип жатат.

Ал эми оппозиция кайрадан кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү керектигин айта баштады. (RK)

XS
SM
MD
LG