Президент Сооронбай Жээнбеков Энелер күнүнө карата көп балалуу энелердин айрымдарын кабыл алып, мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Салтанатка Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу тааныткан кыргызстандык жаштардын апалары да катышты.
Өлкөнүн бардык аймактарынан келген ар бир эненин ысмын ыраазычылык менен атап, өзгөчө кароосуз калган 128 баланы тарбиялаган жана учурда 18 баланы тарбиялап жаткан Наталья Аслаповскаяны белгиледи.
Азия жана дүйнөлүк чемпионаттарда байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар Жоламан Шаршенбеков жана Эрбол Бакировдун апалары Гүлнар Жумалиева жана Айнура Турабаеваны да атады.
«Атанын керээзи» тасмасы менен Монреаль гран-присин жеңген жаш режиссер Дастан Жапар уулунун энеси Айымкүл Дыйкановага, өлкөнүн маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жаткан опера жана балет театрынын солисти Фарух Садыркуловдун апасы Светлана Садыркуловага жана чет өлкөдө эмгектенип, Кыргызстан эли үчүн сый жана ишеним алып келген Кайрат Тентимишовдун апасы Клара Тентимишовага ыраазычылык билдирди.
2019-жылы «Эне даңкы» медалы менен 470 эне жана «Баатыр эне» ордени менен 1135 эне сыйланды.