Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Өкмөт Иманкадыр Рысалиевди кызматтан чакыртып алууну сунуштады


Иманкадыр Рысалиев.
Иманкадыр Рысалиев.

Кыргызстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги өкүлчүлүгүнө кайрылып, "Ачык өкмөт" улуттук форумунун катчысы Иманкадыр Рысалиевди бул кызматынан чакыртып алууну сунуштады.

Рысалиев өзү да бул маалыматты "Азаттыкка" тастыктап, иштен кетүүнү чечкенин айтты.

Мындай өтүнүч менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕККУга кайрылганын мамлекеттик "Кабар" агенттиги маалымдады.

Өкмөт башчы бул чечимди "Рысалиевдин тегерегинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коомдук резонанстан улам" кабыл алганы айтылды.

«Мындай чечимдин кабыл алынышына мамлекеттик башкарууда ачыктыкты камсыз кылууну жана жарандык секторду мамлекеттик башкарууга тартууну улантуу зарылдыгы себеп болду" деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Мурдараак Абылгазиев «КТ Мобайл» жана анын артында турат деген бажасы Иманкадыр Рысалиев тууралуу комментарий берип, дооматтар ырастала электигин билдирген.

"Ачык өкмөт" - ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү ишке ашырып жаткан долбоор. (RK)

XS
SM
MD
LG