Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

Армениянын мурдагы президенти Кочарян бошотулду


Роберт Кочарян
Роберт Кочарян

Арменияда мурдагы президент Роберт Кочарян тергөө абагынан күрөөгө бошотулду. Аны Тоолуу-Карабактын азыркы жана мурдагы башчылары 2 миң доллар күрөө коюп, тилкат жазып чыгарып кетишти.

Бөгөт чарасы каралып жаткан чакта соттун алдында Кочаряндын тарапкерлери да, каршылаштары да өз-өзүнчө акция өткөрүп турушту.

Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган 64 жаштагы Роберт Кочарян «полицияга 2008-жылкы президенттик шайлоодогу бурмалоо боюнча нааразылык билдирип чыккан адамдарга каршы күч колдонууга буйрук берди» деген негизде соттолуп жатат. 11 жыл мурда болгон бул окуялардан сегиз демонстрант жана эки полиция кызматкери курман болгон.

Кочарян өзүнө каршы соттук ишти «мыйзамсыздык» жана учурдагы премьер-министр Никол Пашиняндын «саясий куугунтугу» катары мүнөздөгөн.

Эгерде сот Кочарянды күнөөлүү деп тапса, ал 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. (RK)

XS
SM
MD
LG