Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Эрдоган: Орусиядан S-400 сатып алуу ниетибизден кайтпайбыз


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркия АКШнын кысымына карабастан Орусиядан S-400 коргонуу системаларын сатып алуу ниетинен кайтпайт жана келечекте Москва менен S-500 системаларын өндүрүүдө кызматташат.

Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 18-майда Стамбулда университеттин студенттери менен жолугушканда алардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Быйыл апрель айында АКШ Түркияны F-35 согуш учактары үчүн жабдуу менен камсыз кылууну убактылуу токтоткон.

Вашингтон Анкарадан орусиялык ракета системасын сатып алуу боюнча чечиминен баш тартууну талап кылып келет. АКШ жана анын НАТО боюнча өнөктөштөрү S-400 радары согуш учактарынын көзөмөлдөөнү үйрөнүшү мүмкүн деп кооптонушат.

Мамлекеттик департамент Түркия Москвадан ракетадан коргонуу системасын алса, анын арты олуттуу кесепеттерге алып келерин, ал түгүл санкциялар киргизилиши мүмкүн болорун эскерткен.

Түркия Түндүк Атлантикалык Альянстын Орусиядан курал-жарак алуу жөнүндө макулдашкан биринчи мүчөсү болуп калды. (RK)

XS
SM
MD
LG