Бишкекте жол кырсыгынан адам өмүрү кыйылган учурлар азая баштады. Бул тууралуу өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 18-майда Бишкекте өтүп жаткан DataCon Central Asia 2019 ачык маалыматтар конференциясында билдирди.
Премьер-министрдин айтымында, бул көрсөткүч 44% кыскарды.
Орусиялык «Вега» концерни аткарып жаткан «Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында автожолдорго видеокамералар орнотулууда.
2019-жылдын аягына чейин долбоор республиканын бардык аймагында иштей башташы керек. Жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулары айтылган.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча эң көп жол-транспорт кырсыктары Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталат.
2018-жылдын тогуз айында Кыргызстанда 5118 жол кырсыгы катталып, 458 киши көз жумган. (RK)