Кадамжайда 18-майдын кечинде катуу жаан менен кошо мөндүр жаап, Халмион жана Алга айыл аймактарында эгин талаалары, бак-дарактар жабыркады. Уналаар каттамы бир аз убакытка токтогон.
Мөндүрдүн чоңдугу жаңгактай болгонун, чатырлар жана бактагы мөмөлөр күбүлгөнүн аймак жашоочулары телефонго тартып, интернетке чыгарышты.
Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков бүгүн 19-майда эки айылды кыдырып чыкканын “Азаттык” радиосуна билдирди.
Анын айтымында, олуттуу зыян тарткандар жок.
Исаков белгилегендей, Халмион айыл аймагындагы багбандар көбүрөөк жабыркап, өрүк, жүзүм жана гилас мөмөлөрү күбүлүп калды.
Суу арыктан жана дамбалардан ашып, эгин талааларына жайылган.
Курулуштар, социалдык тейлөө мекемелери жана адамдар жабыр тарткан жок. (JsA)