Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

20-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

20-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;

Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 27…29 градус болот.

XS
SM
MD
LG