Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Зеленский Раданын чечимине жооп болорун убада кылды


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский Жогорку Рада анын инаугурациясын 20-майга дайындаганына байланыштуу видеокайрылуу жасады.

Фейсбуктагы жеке баракчасындагы кайрылууда ал депутаттар бул иш-чараны 19-май дем алышка дайындоо өтүнүчүн кабыл албай, 20-май иш күнүнө белгилеп койгону үчүн айыптады.

“Бул күнү чет жактан келген коноктор көп болот. Киевдин көчөлөрүнүн көбү жабылат. Кечиргиле бизди, кечиргиле Раданы” деген Зеленский "биз да аларга жооп кайтарабыз" деп билдирди:

- Рада бизге ыңгайсыздык жаратты. Убада берем, биз да аларга ошондой кылабыз.

Ал арада Украинанын Жогорку Радасында башкаруучу коалиция ыдырагандан кийин бул парламенттин өзүн таркатууга жаңы президенттин укугу бар болобу же жокпу деген маселе талкууга түшүп жатат. "Европалык Украина" коалициясы ишин токтоткону 17-майда белгилүү болгон. Парламенттин мындай кадамын аны таркатууга мүмкүнчүлүк бербөө аракети катары баалагандар бар. (RK)

XS
SM
MD
LG