Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Boeing компаниясы 737 MAX боюнча программалык каталарын жойду


Boeing 737 MAX учактары.
Boeing 737 MAX учактары.

Boeing компаниясы учкучтарды 737 MAX учагын башкарууга үйрөтө турган жабдыктын программалык каталарын жойду. Учуу шарттары тууралуу маалымат берип туруучу система боюнча да жаңы ыкмалар кирди.

Талдоочулардын пикиринде, буга чейин аталган жабдыктар маалыматты туура эмес берип турган учурлар болгон. Быйыл март айында Эфиопиядагы кырсыкка дал ошол жагдай себеп болушу ыктымал. Анда 157 адамдын өмүрү кыйылган.

2018-жылдын октябрь айында ошол эле Boeing 737 MAX Индонезияда кырсыкка учурап, 189 адам каза тапкан.

Эки учурда тең электроника жабдыктары учкучтарга бийиктикти туура эмес көрсөткөн.

Ошондон кийин көп өлкөлөр 737 MAX лайнерлерине өз аймагынан учууга тыюу салышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG