Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:39

Аскерге чакырылган казак активисти “жараксыз” деп таанылды


Активист Сагутдинов актай плакаты менен кармалган учур.
Активист Сагутдинов актай плакаты менен кармалган учур.

Казакстанда Уральск райондук медициналык комиссиясы бийликке каршы актай кагаз көтөрүп чыккан активист Аслан Сагутдиновду "аскерде кызмат өтөөгө жараксыз" деген бүтүм чыгарды.

Буга чейин Аслан Сагутдинов казак бийлиги аскерге чакырууну саясий курал катары колдонуп жатканын билдирген. Анын айтымында, жүрөк аневризмасы деген диагнозуна карабастан, Аслан жарандык позициясын билдирип, саясий иш-аракет кылган сайын, ага аскерге чакыруу келип жаткан.

Казакстандын Коргоо министрлиги бул дооматты четке какты.

"Сагутдинов 2018-жылы райондук медкомиссияга чакырылып, аскердик кызматка жараксыз болуп таанылган. Диагнозду ырастоо үчүн облустук медкомиссия Сагутдиновду кошумча медициналык текшерүүгө жиберген. Бирок Сагутдинов текшерүүгө келбей, кийинки жылы – 2019-жылдын 14-майында – кайра медициналык комиссияга чакырылып, анда дагы бир жолу аскерий кызматка жараксыз болуп таанылды" деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

6-майда Аслан Сагутдинов Уральск шаарынын борбордук аянтына чыгып, актай плакат менен турганда, полиция кармап кеткен. Активисттин айтымында, ал бул аракети менен Казакстанда сөз эркиндиги жок экенин көрсөткүсү келген.

Полиция болсо Сагутдинов актай плакаты үчүн эмес, “Казакстанда демократия жана адам укуктары жок” деген сөзү үчүн кармалганын билдирген. (KKu)

XS
SM
MD
LG