Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:52

Ирандын соту үч жазуучуну алты жылга кести


Ирандык жазуучулар: Реза Кандан Махабади, Бекташ Абтин жана Кайван Бажан.
Ирандык жазуучулар: Реза Кандан Махабади, Бекташ Абтин жана Кайван Бажан.

Иранда сот үч жазуучуну "улуттук коопсуздукка шек келтирди" деп, ар бирин алты жылга кести. Реза Кандан Махабади, Бекташ Абтин жана Кайван Бажанга “мамлекетке каршы пропаганда”, “улуттук коопсуздукка каршы аракет” деген кинелер коюлду.

Үчөө тең Ирандын жазуучулар союзунун мүчөлөрү.

Соттогу акыркы сөзү учурунда жазуучулар бул чечимди жалпы эле Иран интеллегенциясына жана диниятчылардын сынчыларына каршы чечим деп аташты. Алардын айтымында, сот учурунда жазуучуларга каршы суу кечпеген дооматтар коюлган жана алар ырасталган эмес.

Айыпталуучулар "чечим өлкөдөгү эркин ой жүгүртүүнү басмырлоо үчүн гана кабыл алынды" деген пикирде. (KKu)

XS
SM
MD
LG