Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:57

Ири пара үчүн айыпталган жетекчинин соту болот


Азимкан Жусубалиев.
Азимкан Жусубалиев.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту транспорт министринин пара менен кармалганы кабарланган мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин ишин кароону улантат. Бул тууралуу маалымат тиешелүү соттон алынды.

Алгач 4-апрелге белгиленген соттук процесс ар кандай себептерден улам жылып отуруп, 29-апрелде үч кишинин - Азимкан Жусубалиевдин, Бехруз Гулрузованын жана Болотбек Токтобаевдин айыбы угузулган.

2-майдагы соттук териштирүү күбөлөр келбей калганына байланыштуу 20-майга калган.

Аткаминердин пара алганы боюнча тергөө марттын аягында аяктап, прокуратурага өткөрүлүп берилген.

2018-жылдын 5-декабрында министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалганы кабарланган. Атайын кызматтын материалдарына караганда, министрдин орун басары акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган.

Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. УКМКнын маалыматы боюнча, андан мурда министрдин кылмышка шектүү орун басары ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган, ал эми ортомчулук милдетти анын туугандары аткарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG