Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Бишкекте “Жүрөктөн жүрөккө” жармаңкеси өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте “Жүрөктөн жүрөккө” жармаңкеси өтөт. Иш-чара коомчулуктун жана мамлекеттин көңүлүн улгайган адамдарга жардамдашууга буруу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

Анда карылар өздөрү жасаган буюм-тайымдарды сатуу менен кошумча киреше таба алат.

Жармаңке алкагында шахмат боюнча турнир, китеп жармаңкеси, түрдүү мастер-класстар өткөрүлөт.

Элге кант диабети оорусу тууралуу маалымат берилип, катышуучулардын салмагы жана кан басымы текшерилет.

Иш-чараны эл аралык AgeNet International тармагы жана Бишкек мэриясы уюштурууда.

БУУнун критерийлеринде “улгайган” деп 65 жаштан ашкан адамдар эсептелет.

Улуттук статиститкалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 448 600дөн ашык, 238 миңи аялдар. Кыргызстанда улгайган жарандар жөнүндө мыйзам 2008-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, эркектер 63 жаштан, аялдар 58 жаштан тарта улгайган деп эсептелет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG