Бүгүн 20-майда Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленскийдин инаугурациясы өтөт.
Зеленский өзү ант берүү аземин 19-майда өткөрүүнү сунуш кылып жаткан. Бирок украин депутаттары бул сунушту четке кагышкан.
Инаугурация алдында Зеленский видеокайрылуу жасап, Рада аларга ыңгайсыздык жаратып жатканын айтып, “Убада берем, биз да аларга ошондой кылабыз”, - деген.
41 жаштагы актер жана куудул Зеленский 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Украинаны соңку беш жылдан бери башкарып келген Петро Порошенкону жеңип чыккан. Ал жалпы добуштардын 73 пайызын, атаандашы 25 пайызын алган.