Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:39

УКМК кызматкери пара менен кармалганы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери пара менен кармалганы кабарланды. Мындай маалыматты мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, кармалган кызматкер текшерүүнү токтотуу үчүн 350 миң сом пара талап кылганы аныкталып, 17-майда анын 50 миңин алган жерден кармалган. Аны кармоо аракети Аскер прокуратурасы менен чогуу жүргөнү маалымдалды.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүү кызматкер Бишкек комендатурасынын гарнизондук гауптвахтасына камакка алынды. Тергөө уланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG