Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Тажикстан: түрмөдөгү тополоңдо 30дан ашык киши өлдү


Тажикстандагы абактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Тажикстандагы абактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Вахдат шаарындагы колонияда 19-майдын кечинде чыккан тополоңдо каза тапкандардын саны 32ге жетти. Анын 29у абакта кармалгандар, үчөө түрмө кызматкерлери.

Өкмөттүк "Ховар" агенттиги Жазаларды аткаруу башкармалыгына таянуу менен жазып чыккандай, башаламандыкка катышы бар деген шек менен 35 киши кармалган.

Маалыматка караганда, тополоңдун уюштуруучулары тыюу салынган террордук жана экстремисттик уюмдардын, анын ичинде өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган топтун мүчөлөрү болушкан. Алар негизинен Тажикстандын Кылмыш кодексинин 401-беренеси менен соттолгондор. Козголоңду милициянын атайын бөлүгүнүн мурдагы командири, кийинчерээк Сирияга чыгып кетип, "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулган Гулмурод Халимовдун уулу Бехруз, Фахриддин Гулов, Махмадулло Шарипов жана Рухулло Хасанов жетектегени кабарланууда.

Өлкөнүн Жаза аткаруу кызматынын билдирүүсүндө бычак жана башка куралдар менен куралданган козголоңчулар колониянын үч кызматкерин барымтага алып, андан кийин өлтүрүп салышканы, штраф изоляторунан өтө коркунучтуу делген сегиз кылмышкерди бошотуп, абакта отурган беш кишини башкалардын көзүнчө мууздаганы, ондогон кишини жарадар кылганы айтылат.

Ошондой эле түрмөнүн медициналык бөлүмүн өрттөп, камакта отургандардын арасынан бир нече кишини барымтага алып, өздөрүн бошотууну талап кылганы белгиленген. Тополоңду токтотуу боюнча күч органдарынын операциясында абактагы 24 киши жок кылынып, 35 адам камакка алынган. Барымтадагылар бошотулган.

Тажик Башкы прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

XS
SM
MD
LG