Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пунктунда оор жүк ташуучу машинелердин кезеги жоюлду. Учурда үч-төрт жүк ташуучу автоунаа турганын Кыргызстандын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады. Маалыматка караганда, казак тарап беш-алты машинени бир сааттан текшерип жатат.
Кыргызстандык чек арачылар тыюу салынган баңгизаттарды, курал-жарак жана ок-дарыларды, жарылуучу каражаттардын бар-жогун гана текшерүүдө.
19-майда “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунда 50дөн ашык жүк ташуучу автоунаа топтолуп калган. Кыргызстандын Чек ара кызматы муну казак тарап көзөмөлдүн бир канча түрүн аткарып жатканы менен түшүндүргөн. Интернетте “Ак-Тилекте" кезектен улам айдоочулар менен чек арачылар ортосунда пикир келишпестик пайда болгону тууралуу видео тараган.
Окуя Казакстандын аймагында болгону айтылган. Кыргыз-казак чек арасында автоунаалардын узак убакытка созулган кезек күтүүсү былтыркы жылдан бери орун алып келет. (NT)