Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Ош: жергиликтүү тургундар кафелердин ишине нааразылык билдирип чыгышты


Кыргызстан. Ош шаары. Август, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Ош шаары. Август, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы Шакиров жана Москва көчөлөрүнүн тургундары “Манас ата” кафесин жабуу өтүнүчү менен мэрияга кайрылышты. Бул тууралуу Москва көчөсүнүн тургуну Райымбек Нурманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, арыз жазгандар кафенин кардарларынын автоунааларды коңшу жайгашкан үйлөрдүн алдына токтотуп, таштандыларды ыргытып жатканына нааразы:

- Күнү-түнү түтүн, майдын жытын жыттап отурабыз. Муздаткычтарынын моторлору тынбай иштеп турат. Кыскасы, тынчтык жок. Тротуарды тосуп, шишкебек жасашат. Бизге мэриядан келген катка таянсак, кафе иштетүүгө уруксат берилбептир. Ишкана мамлекеттик каттоодон да өткөн эмес. Өзүм билемдик менен иштеп жатыптыр.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган кафе жайгашкан көчөнү кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жатат. Мекеме кафе-ашканалардын ар бирине автоунаа токтотуучу жай куруу талабы коюлуп, талапка жооп бербеген мекемелер алынат деп билдирди. (MdN)

XS
SM
MD
LG