Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Прокуратура Темир Болотбекке чыккан өкүмгө байланыштуу шаардык сотко даттанды


Темир Болотбек.
Темир Болотбек.

Прокуратура Биринчи май райондук сотунун “улут аралык кастыкты козутту” деп шек саналып жаткан окутуучусу Темир Болотбекти актаган өкүмгө байланыштуу шаардык сотко даттанды.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, апелляциялык арыз 16-майда берилген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбекке карата 2018-жылы 1-мартта “улут аралык кастыкты козуткан” деген айып менен кылмыш ишин козгогон.

Буга анын “Фейсбукта” Кыргызстан эгемендик алганга чейин Бишкекте салынган имараттарды сындаганы, аларга суктангандарды “совок” деп атап, “Рашага көчүп кеткиле” деген маанидеги сөздү жазганы негиз болгону кабарланган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 6-майда “улут аралык кастыкты козутту” деп шек саналып жаткан окутуучу Темир Болотбекти актаган өкүм чыгарган.

“Медиа Полиси Институту” уюмунун маалыматына караганда, жалпысынан үч экспертиза жүргүзүлгөн. Уюмдун демилгеси менен уюштурулган психологиялык-лингвистикалык экспертизаны орусиялык филологдор өткөрүп, ал козуткан эч нерсе айтпаганын, “совок” деген сөз улут аралык кастыкты козгобой турганын билдиришкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG