Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Ошто түрк тилдүү өлкөлөрдүн акындарынын кечеси өтүп жатат


Ош шаарында Түрк тилдүү акындардын поэзия кечеси өтүп жатат. 20-май, 2019
Ош шаарында Түрк тилдүү акындардын поэзия кечеси өтүп жатат. 20-май, 2019

Иш-чара азербайжан элинин белгилүү акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата уюштурулууда.

Түрк тилдүү акындардын поэзия кечеси Ош шаарындагы Кыргыз-өзбек университетинде өтүп жатат. Анда Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Македония, Казакстан, Якутия, Башкырстан жана Кыргызстандын акындары ыр окуп, чыгармачылык жолдору менен бөлүшүүдө.

Акындарды ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин коштоп жүрөт. Иш-чаранын алкагында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Дюсен Касеинов баштаган түрк тилдүү мамлекеттерден келген акындарды Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кабыл алды.

Жолугушууда мэр “Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” салтанатынын ачылышы жогорку деңгээлде өткөнүн айтып, жыл ичи түрдүү эл аралык иш-чаралар өтө турганын билдирди. Ошондой эле калаа башчысы келген конокторго ыраазычылык билдирип, белектерди тапшырды. (MdN)

XS
SM
MD
LG