Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Тегеран Трамптын эскертүүсүнө жооп кайтарды


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф.
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШ президенти Дональд Трамптын эскертүүсүн четке кагып, аны Тегеранды коркутпоого чакырды.

"Агрессорлор эбак кетсе да ирандыктар миң жылдардан бери эр жүрөктүк менен бекем турат. Экономикалык террорчулук жана геноцид сымал шылдыңдоолор Ирандын "күнүн бүткөрө албайт". Иран жаранын коркутпагыла. Сыйлаганга аракет кылгыла, ал иштейт!", - деп жазды Зариф 20-майда "Твиттердеги" барагына.

Анын алдында президент Трамп Иранга жаңы эскертүү берип, ортодо жаңжал чыга турган болсо, анда Ислам республикасынын күнү бүтөөрүн билдирген.

"Эгер Иран согушкусу келсе, ал расмий түрдө Ирандын күнү бүткөнү болуп калат. Мындан ары АКШны эч качан коркутпагыла",-деп жазган Трамп 20-майда "Твиттерге".

Мындай кайым айтышуу АКШ менен Ирандын ортосунда чыңалуу күчөп, аскердик жаңжал тууралуу тынчсыздануулар айтылып жаткан учурга туура келип жатат.

Буга чейин Вашингтон ыктымал коркунучтарды алдын алуу үчүн Перс булуңу тарапка учак алып жүрүүчү кемесин жана бомбалоочу учактарын жөнөткөнү белгилүү болгон.

Өткөн аптада АКШнын Мамлекеттик департаменти Иранга коңшулаш жайгашкан Ирактагы америкалык элчиликтин айрым кызматкерлерин эвакуациялоо тапшырмасын берген.

19-майда Кошмо Штаттардын Багдаддагы элчилигине жакын аймакка ракета ташталганы маалым болду. Андан жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок. Азырынча бул окуяга эч ким жоопкерчиликти ала элек.

XS
SM
MD
LG