Казакстан Ички иштер министрлиги Атырау облустук полиция департаментинин башчысы Аян Дүйсембаев «кызматтык этиканы бузганы үчүн» жумуштан бошотулганын билдирди.
Маалыматка караганда, президенттик аппаратка Аян Дүйсембаевди бошотуу боюнча көрсөтмөнү ички иштер министри Ерлан Тургунбаев берген, чогуу чечим кабыл алынган.
Буга чейин социалдык түйүндөрдө Дүйсембаевге жоон топ киши салтанат менен ат мингизип жаткан учур тартылган видео тараган.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасына «сыйлыкка ат минген» аткаминердин иши боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүүнү тапшырганын жазган.
6-майда Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Токаев күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө сыйлык тапшырган. Дүйсембаев полициянын генерал-майору деген наам алган.