Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 13:41

Грузияда 11 футболчу жасалма матч уюштурууга шектүү катары камалды


«Барселона» - «Бавария» беттешүүсү. 6-май, 2015. Иллюстрациялык сүрөт.

Грузияда 11 футболчу жасалма матч же алдын-ала соодалашылган беттешүүлөрдү өткөрүүгө шектүү катары камалды. Аталган өлкөнүн Коопсуздук кызматы кармалгандардын сегизи азыркы, үчөө мурдагы оюнчулар экенин билдирди. Алардын бешөө 19-майда Батумиде өткөн «Динамо» лигасында 2:0гө утулуп калган Тблисинин «WIT Georgia» командасынын мүчөлөрү.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, футболчулар уюшкан кылмыштуу топтон 34 миң доллар алгандан кийин экинчи командага утулуп беришкен. Грузиянын мыйзамдарына караганда алар төрт жылдан алты жылга чейин түрмөгө кесилиши ыктымал.

Футбол федерациясы тергөө менен кызматташа турганын билдирди. Тблисинин мэри, Чемпиондор лагасынын эки жолку жеңүүчүсү Каха Каладзе бул көрүнүштү айыптап, ар ким кылганы үчүн жооп бериши керек экенин айтты. «Бул спорт эмес, бул башка нерсе» деди ал.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG