Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Дарыгерлер иш таштоону пландап жатышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлери менен жалпы практикадагы дарыгерлери айлык 25-30 миң сомго чейин көтөрүлбөсө, иш таштай турганын билдиришти.

«Саламаттык сактоо министрлиги менен Мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу фонду массалык маалымат каражаттарына «үй- бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы көбөйдү» деген жалган маалыматтарды берип жатышат. Маянаны көтөрүү маселеси козголгондон бери беш ай өтсө да кандайдыр бир өзгөрүү болгон жок. Элдин калың катмарына кызмат кылган үй-бүлөлүк дарыгерлердин 90 пайызынын мойнунда насыясы, карызы бар. Февраль-март айларында айлыкты көтөрчү индикаторлорду алып салып, орточо маяна 12 миң сомдун тегереги эле болуп калды», - деп жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле дарыгерлер аймактардагы ооруканалардын эскилигин, кабинеттер жетпей, бейтаптар узун кезекке туруп жатышканын эске салып, дарыгерге турак жай алыш үчүн жок дегенде 2 пайыздык насыяларды киргизүүнү талап кылышууда.

Буга чейин өкмөт 2018-жылдын 1-октябрынан тартып үй-бүлөлүк дарыгерлердин, жалпы практикадагы дарыгерлердин, үй-бүлөлүк медициналык айымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматкерлеринин айлыгы жогорулай турганын билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG