Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:45

Жол эрежесин бузгандардын айыппулу боюнча жумушчу топ түзүлөт


Бишкектеги көчөлөрдүн бирине орнотулган камералар.
Бишкектеги көчөлөрдүн бирине орнотулган камералар.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол эрежесин бузгандарга карата айыппулдарды оңдоо-түзөө, тууралоо маселесин иликтеп чыгууну тапшырды. Абылгазиев тиешелүү жетекчилерге бул тапшырманы «Коопсуз шаар» долбоору боюнча өткөн кеңешмеде бергенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жумушчу топко коомчулуктун жана парламент депутаттарынын пикирлерин эске алуу, учурдагы айыппулдардын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн, натыйжалуулугун карап чыгуу милдети жүктөлөт.

Өкмөт башчы аймактарда долбоордун кийинки баскычтарын ишке киргизүүнүн алдында анын баш калаадагы жыйынтыктарын талдап чыгыш керек экенин билдирди.

Орусиялык «Вега» концерни аткарып жаткан «Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында автожолдорго, көчөлөргө видеокамералар орнотулууда.

2019-жылдын аягына чейин долбоор республиканын бардык аймагында иштей башташы керек. Жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулары айтылган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча Кыргызстанда эң көп жол-транспорт кырсыктары Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталат.

2018-жылдын тогуз айында өлкөдө 5118 жол кырсыгы катталып, 458 киши көз жумган.

XS
SM
MD
LG