Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:55

Чырлуу окуялардан улам өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мурат Мукамбетов өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басарынын кызматынан өз арызына ылайык бошотулду. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун 21-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматына караганда, бул чечим «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коомуна, улуттук уюк байланыш операторун түзүүгө, ЕККУ менен чогуу жүзөгө ашырылып жаткан долбоор - «Ачык өкмөт» улуттук форумунун катчысына байланышкан окуяларды эске алуу менен кабыл алынды.

Буга чейин «Ачык өкмөт» улуттук форумунун кызматтан кеткен катчысы Иманкадыр Рысалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бир тууган бажасы экени ачыкка чыгып, катуу сынга алынган. 18-майда Абылгазиев ЕККУнун өкүлчүлүгүнө кайрылып, аны бул кызматынан чакыртып алууну сунуш кылан. Кийинчерээк ал иштен кеткен.

Иманкадыр Рысалиевдин дарегине «КТ Мобайл» компаниясы боюнча да дооматтар айтылып жатат. Бирок Абылгазиев бул айтылгандар азырынча ырастала элек экенин билдирген.

Талашка себеп болгон «КТ Мобайл» - 2003-жылы түзүлүп, бирок ушул күнгө чейин иштебей келген «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана.

Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгону ачыкка чыккан.

Парламентте «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG