Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Баткен: кыргыз-тажик чек арасында пикир келишпестик чыкты


Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы.
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы.

Баткен районунун Тажикстанга чектеш Кара-Бак айылында 20-майда кыргызстандык жарандар менен тажикстандык чек арачылардын ортосунда пикир келишпестик орун алды. Эки тарап айтыша кеткенин жана буга белгисиз кишилер Кыргызстандын жарандарына таандык айыл-чарба шаймандары турган сарайдын эшигин талкалаганы түрткү болгонун Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сарай шарттуу чек ара сызыгынан 5-6 метр аралыкта жайгашкан жана тактала элек тилкеге кирет, бирок аны иш жүзүндө Кыргызстандын жарандары колдонуп келген.

Кыргызстандыктар сарайдын бузулган каалгасын оңдоону көздөгөндө, тажик чек арачылары ага жолтоо болушкан.

Кыргыз чек арачылары окуя болгон жерге барышып, тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында коңшу өлкөнүн чек арачылары сарайдын эшигин оңдоого жана аны мындан ары колдонууга макул болушкан. Ошондой эле тажик тарап бул тилкеде турган чек арачыларга, кыргыз тарап жергиликтүү бийлик менен биргеликте элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү кабарланды.

Баткенде чек ара такталбагандыктан утур-утур жаңжалдар чыгып турат. Акыркы жолу быйыл 13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тартып, Тажикстандын эки жараны каза болгону кабарланган.

Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек. (NT)

XS
SM
MD
LG