Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын шайлоо штабынын мурдагы башчысы, Коррупция менен күрөш фондунун (ККФ) долбоорлор менежери Леонид Волков Москвада кармалды. Бул тууралуу ал өзү «Твиттерге» жазды.
Волковдун айтымында, ККФнын кеңсесинен такси менен чыгып баратканда машинени полиция кызматкери токтотуп, «кызыктай суроолорду бере баштаган». Андан соң аны камакка алып, Данилов райондук полиция бөлүмүнө жеткиришкен. Ал жерде Волковго «өткөн жылы пенсия курагын жогорулатууга каршы өткөн акцияда коомдук иш-чараларды өткөрүү эрежелерин кайра бузган» деп протокол түзүшкөн.
Оппозициялык саясатчы Алексей Навальный Волковду «биз сизди күтүп калдык» деген сөздөр менен кармашканын «Твиттерге» жазды.
2018-жылдагы президенттик шайлоонун алдында Волков Навальныйдын шайлоо штабын жетектеген. Акыркы жылдары ал чет өлкөдө жашап жүргөн.
2018-жылы 9-сентябрда Орусияда пенсия курагын жогорулатууга каршы акция өтүп, аны Алексей Навальныйдын тарапкерлери уюштурган. Өлкө боюнча миңден ашуун адам камакка алынган. Полиция кызматкерлери акцияларды күч колдонуп тараткан.