180ден ашык журналист кол койгон катта «өлкө сөз эркиндигине татыктуу» деп белгиленет.
Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко кызматтан кетиши ыктымал деген макаладан кийин 20-майда «Коммерсанттын» атайын кабарчысы Иван Сафронов жана саясат бөлүмүнүн редакторунун орун басары Максим Иванов иштен бошотулган. Ошондон кийин журналисттерге тилектештигин билдирип, дагы ондон ашык кабарчы иш ташташкан.
Бүгүн, 21-майда жарыяланган катта журналисттер «акционерлер кыска мөөнөттүү саясий пайда табуу үчүн орусиялык алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирин жок кылып жатышканы» белгиленет. «Орусия мындан дагы жакшы келечекке татыктуу деген ишенимдебиз. Өлкө сөз эркиндигине татыктуу», - деп айтылат катта.
Башкы редактордун орун басары Ренат Ямбаев журналисттерди жумуштан кетирүү тууралуу чечимди гезиттин ээси Алишер Усманов кабыл алганын билдирди. Бирок миллиардер Усмановдун өкүлү бул маалыматты четке кагып, «ишкер редакциялык саясатка аралашпай турганын» айтты.