Интернеттеги «change.org» сайтында кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталып жаткан дарыгерлерди колдоо максатында петиция түзүлдү. Президент Сооронбай Жээнбековго багытталган петицияны «Жардам берүү оңой» коомдук фондунун жетекчиси Динара Аляева уюштурган.
Петицияда Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан чыгышы боюнча дарыгерлердин башкы күнөөкөр болуп калышына жол бербөө тууралуу сураныч жазылган.
Азиз Батукаевдин 2013-жылдын апрелинде «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошонуп, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш ишин иликтөө ушул айдын башында жанданган. Анын алкагында алты жыл мурда кримтөбөлдүн «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылган.
Бишкек шаардык соту 20-майда Макимбетовду эки айга камакка алуу тууралуу бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган. (NT)