Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Зеленский парламентти таркатуу планы тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштады


Владимир Зеленский инаугурациядан кийин. 20-май, 2019-жыл.
Владимир Зеленский инаугурациядан кийин. 20-май, 2019-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский инаугурациядан кийинки күнү парламентти таркатуу планы тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштады. Зеленский Жогорку Раданын төрагасы Андрей Парубий жана парламенттик фракциялардын лидерлери менен жолугушту.

20-майда инаугурациядагы сөзүндө Зеленский парламентти таркатып жатканын жарыялаган. Бүгүнкү жолугушуулардан кийин Зеленский парламентти таркатуу тууралуу буйрукка кол коюшу күтүлүүдө.

41 жаштагы актер жана куудул Владимир Зеленский 21-апрелде президенттик шайлоонун экинчи айлампасында мамлекет башчы Петро Порошенкону ишенимдүү жеңген.

Конституцияга ылайык, жаңы парламенттик шайлоо буйрук чыккандан кийин эки айдын ичинде өтүшү керек. Зеленский беш жылдык мөөнөтүн баштап жаткандыктан, мөөнөтүнөн эрте шайлоо ага өз позициясын бекемдеп, Порошенконун тарапкерлерин экинчи планга жылдырууга мүмкүнчүлүк берет.

XS
SM
MD
LG