Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

Казакстан: шайлоону бойкоттоого үндөгөн адамдын соту өтүп жатат


Нур-Султан шаарындагы район аралык сот.
Нур-Султан шаарындагы район аралык сот.

Казакстанда үйүнүн балконунан саясий ураандарды чакырып, шайлоону бойкоттоого үндөгөн Дархан Умирбаев «полицияга баш ийген жок» деген айып боюнча соттолууда.

Нур-Султан шаарынын 38 жаштагы тургунунун айтымында, 17-майдагы анын мындай аракетине ошол күнү ал туш болгон социалдык маселелер түрткү болгон. Ал «Мен таза шайлоо талап кылам, адилетсиз добуш берүүнү бойкоттоого чакырам» деп балкондон кыйкырганын жана муну «Фейсбук» аркылуу түз көрсөткөнүн мойнуна алууда.

20-майда өткөн сотто Умирбаев адвокаты келбей калганын жүйө келтирип, жараянды кийинкиге жылдырууну суранды. Сот анын өтүнүчүн четке какканда ал сот залынан чыгып кетип, ошол бойдон келген жок. Кийинки жараян качан болору белгисиз. Умирбаев буга чейин да 9-майда мыйзамсыз акцияга катышканы үчүн кармалып, көп өтпөй бошотулган.

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 9-июнга белгиленген.

XS
SM
MD
LG