Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:43

ИИМ: Зарылбек Рысалиев Батукаевдин түрмөдөн чыгышы боюнча сурак берди


Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча мурдагы ички иштер министри, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы башчысы, парламенттеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев сурак берди. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 21-майда Рысалиев өткөн аптада суракка чакырылганын билдирип, анын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Батукаевдин ишине байланыштуу Рысалиевдин суракка чакырылганын маалымат каражаттары 16-майда жазып чыгышкан. Алар сурак учурунда депутаттын ден соолугу начарлап «Тез жардам» чакыртылганын маалымдашкан. Бирок Рысалиев аны четке кагып, ошол күнү эч кандай сурак бербегенин билдирген.

Кыргызстанда оор кылмыштар үчүн айыпталып, соттолгон Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде чартердик учак менен Орусияга чыгып кеткен. Буга «айыккыс оорудан улам анын ичер суусу аз калган» деген соттун чечими себеп болгон. Арадан алты жыл өтүп, Батукаевдин көрөөр күнү саналуу экени калп болуп чыккан. Анын иши майдын башында жанданып, тергөөнүн алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, ЖАМКтын жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана беш медицина кызматкери кармалган. Эки дарыгер кайрадан үй камагына чыгарылган.

Батукаев түрмөдөн мөөнөтүнөн эрте чыккан кезде ЖАМКты Зарылбек Рысалиев жетектеп турган. (NT)

XS
SM
MD
LG