Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Тажикстан: түрмөдө өлгөндөрдүн сөөгү жерге берилди


Абдужабор Халимов.
Абдужабор Халимов.

Тажикстанда 19-майдын кечинде түрмөдөгү тополоңдо каза болгондордун айрымдарынын сөөгү жерге берилди.

Вахдат шаарындагы колонияда бир жыл иштеген майор Абдужабор Халимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Хатлон облусунда болду. 2013-жылы теракт даярдоого айыпталып, 21 жылга эркинен ажыратылган Алимурад Махоновдун сөөгүн коюуга туугандары катышпаганы кабарланды. Ал эми «Ислам кайра жаралуу партиясынын» өкүлү, төрт жыл мурун 26 жылга кесилген Сатар Каримовду акыркы сапарга узатууга жакындарынын катышуусуна уруксат берилди.

Бийликтин версиясына караганда, Каримовду түрмөдө тополоң чыгарган «Ислам мамлекети» радикал уюмунун мүчөлөрү өлтүрүшкөн. 17-майда Вахдат шаарындагы түрмөдө болгон тополоңдо жалпысынан 32 адам каза тапты.

Бийлик тополоңду тыюу салынган террордук жана экстремисттик уюмдардын, анын ичинде «Ислам мамлекети» радикал тобунун мүчөлөрү уюштурушканын билдирди.

XS
SM
MD
LG