Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

Бакыт Шаршембиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды


Бакыт Шаршембиев.
Бакыт Шаршембиев.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын "Азаттыкка" ырастады. Ал мындай чечимге эмне себеп болгонун айткан жок. Өз каалоосу менен отставкага кетүү тууралуу арыз бергенин билдирди.

Ал тапта өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шаршембиевди берген арызынын негизинде иштен алуу жөнүндө президент Сооронбай Жээнбековго сунуштама киргизгенин кабарлады. ​

Шаршембиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин 2018-жылдын апрелинен тарта жетектеп келе жаткан. (NT)

XS
SM
MD
LG