Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Балдарды тарбиялоого арналган бестселлер китептер кыргызчага которулду


Балдар үчүн китептер. 21-май, 2019-жыл.
Балдар үчүн китептер. 21-май, 2019-жыл.

Бүгүн, 21-майда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада британиялык атактуу эксперт Кен Робинсондун «Баланын жөндөмүн өнүктүргөн чыгармачыл мектептер» жана Американын психологдор ассоциациясы даярдаган «Кенже курактан баштап мектеп курагындагы чыгармачыл, таланттуу балдарды окутуп үйрөтүүдөгү негизги 20 принцип» аттуу китептердин бет ачары болду.

Балдарды тарбиялоого арналган бестселлер китептер «Кереге» фондунун демилгеси менен кыргызчаланган.

Билим берүү боюнча атактуу эксперт Кен Робинсондун «Баланын жөндөмүн өнүктүргөн чыгармачыл мектептер» (Creative Schools: The Grassroots Revolution That's Transforming Education) аттуу китеби буга чейин англис тилинен 15 тилге которулган.

Китеп ата-энелерге, мугалимдерге, мектеп директорлоруна, коомдук ишмерлерге жана саясатчыларга арналат. Кыргыз тилине аларды Бакытбек Абдуллаев жана Кутманбек Мазарипов которуп, «Глобал принт» басмаканасынан чыкты.

Аталган китепте автор индустриалдык доордун өндүрүмү эскилиги жеткенин, бүгүнкү билим берүү системасын замандын талабына жараша өзгөртүүгө убакыт келгенин жана аны ишке ашырууга болорун белгилейт.

Америкалык психологдор ассоциациясынын «Чыгармачыл, таланттуу жана жөндөмдүү балдарды окутуп үйрөтүүдөгү негизги 20 принцип» аттуу эмгеги кыргыз балдарынын дараметин ачып, туура багыттоо менен өлкөнүн өнүгүшүнө жана элдин бакубат жашоосуна салым кошуу максатында жазылган. Бул китеп да англис тилинен мурда 11 тилге которулган. Кыргызчага Элмира Абжапарова жана Бакытбек Абдуллаев которушту.

Редактору Асылбек Жоодонбеков, рецензиялагандар Тууганбай Коңурбаев жана Гүлайым Жумабаева. (ZA)

XS
SM
MD
LG