Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Кыргыз-өзбек чек арасында цемент ташыган 100дөн ашуун машине өтпөй турат


«Достук» бекети. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
«Достук» бекети. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Ошто он күндөн бери 100дөн ашуун оор жүк ташуучу машина «Достук» кыргыз-өзбек чек арасынан өтө албай турат. Айдоочулар буга чейин Өзбекстанга эч тоскоолдуксуз цемент ташып жүрүшкөнүн, бул жолку чектөө тууралуу маалымат ала албай жатышканын айтып жатышат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы тыгын
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

Мамлекеттик чек ара кызматы машинелер чек арадан өтүшпөгөнүн, алар «Достукка» 200 метр жетпей турушканын кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева Кыргызстан жүктү тоскоолдуксуз өткөрүп жатканын айтты.

Айрым маалыматтар боюнча Өзбекстан цементти ташууга чектөө киргизгени сөз болууда. Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстандан экспортко кеткен товарларга чектөө жок экенин жана Өзбекстандын андай чектөө коюп жатканы тууралуу маалымат жок экенин билдирди.

Чек арада өтө албай турган айдоочулардын айтымында, Өзбекстан 12-майдан бери оор жүк ташуучу машинелерди өткөрбөй жатат. Учурда «Достукта» 103 айдоочу 2610 тоннадан ашуун цементи менен турат. Айдоочулар экономика министри Олег Панкратовго, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине кайрылышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG