Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Шыгаев музейден сүрөттөрдү алганы аныкталды


Юристанбек Шыгаев.
Юристанбек Шыгаев.

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев музейден Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган «Ит менен ат» жана «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрдүн түп нускасын алганы аныкталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» ушул маселени иликтеш үчүн түзүлгөн комиссиянын жетекчиси, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов билдирди. Анын айтымында, эл сүрөтчүсү кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.

- Негизинен комиссиянын тыянагы чыкты десек болот, - деди Бактыбек Секимов. - Комиссияда кызматтан алуу боюнча да сунуш бар болчу. Ошондуктан ал эмгек өргүүсүндө жүрүп арыз жазды деп уктум. Азыр эки сүрөттү эле тактадык. Эми комплекстүү текшерүү жүргүзөлү деп жатабыз. Анткени бул биринчи-экинчи учур болгонуна ким кепил боло алат? Ошондогу материалдарга карап балким укук коргоо органдарына кайрылабыз.

Анын айтымында, Юристанбек Шыгаев музейден жогоруда айтылган эки сүрөттөрдүн түп нускасын алып, аны бузулган абалда кайтарган. Эмгектерди Шыгаев көчүрмөсүн жасаш үчүн алганын, аларды кайра калыбына келтире турганын билдирген.

Юристанбек Шыгаев менен байланышуу азырынча мүмкүн болгон жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG