Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:12

«Инстаграмдын» маалыматтары ачык базада сакталып келген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Инстаграм» социалдык түйүнүнүн 49 миллион колдонуучусунун жеке маалыматтары Интернеттеги ачык базада сакталып келген. Бул тууралуу «TechCrunch» басылмасы кабарлады.

Басылманын макаласында белгиленгендей, аталган маалыматтык базада катталуучулары көп, туруктуу негизде жарнамалар жарыяланып турган аккаунттар болгон. Алардын арасында белгилүү адамдардын, популярдуу блогерлердин жана бренддердин баракчалары бар экени кабарланууда.

Маалыматка караганда, «Инстаграмда» жарнама сатуу менен алектенген индиялык компаниянын кызматкерлери социалдык түйүндүн колдонуучулары тууралуу маалыматтарды Амазон Веб Сервисте сыр сөзү жок сактап келишкен.

Ачык базадагы маалыматтардын арасында катталуучулардын саны, аккаунттун ээси жашаган өлкө сыяктуу жалпы маалыматтардан тышкары анын электрондук почтасынын дареги жана телефон номуру өңдүү жеке маалыматтары да болгон.

«TechCruch» маалыматтарды сыр сөзү жок жайгаштырган индиялык компанияга кайрылгандан кийин алар маалыматтык базага кирүү мүмкүнчүлүгү жабылганын билдирди.

Апрелде «Инстаграмга» ээлик кылган «Фейсбук» компаниясынын акционерлери Марк Цукербергди кызматтан кетүүгө чакырышкан. Алар социалдык түйүндүн колдонуучуларынын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткенине байланыштуу биржада компаниянын акциялары арзандап кеткенин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG