Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Сербия оор кылмыш үчүн өмүр бою эркинен ажыратууну киргизет


Дуня Миятович.
Дуня Миятович.

Сербиянын мыйзам чыгаруучулары 21-майда Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизип, оор кылмыш үчүн өмүр бою эркинен ажыратууну колдоду.

2014-жылы зордукталып өлтүрүлгөн өспүрүм кыздын атасы кол топтой баштаган. Ага 160 миңдей киши кол койгон. Бул өзгөртүүлөр ошонун жыйынтыгы экени белгиленет. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, терроризм, аскердик кылмыш, балдарды, майып жана улгайган, кош бойлуу аялдарды зордуктоо үчүн айыпталгандар өмүрүнүн аягына чейин соттолот.

Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү президент Александр Вучичтин Прогрессивдүү партиясы башында турган башкаруучу коалиция, оппозициянын бир бөлүгү колдоду.

Буга чейин Европа Кеңешинин адам укуктары боюнча комиссары Дуня Миятович бул мыйзамды добуш берүүгө чыгарбоого чакырган. «Сербия Адам укуктары боюнча Европа конвенциясын сактоого милдеттүү. Конвенция өмүр бою эркинен ажыратууга тыюу салбайт, бирок «өкүмдү кайра карап чыгуу менен соттолуучуну бошотуунун жолун кароону» талап кылат», - деп жазган Миятович юстиция министри Неле Кубричке.

Сербияда оор кылмыш үчүн эң узак мөөнөт 40 жыл.

Сербия Европа Биримдигине кирүүгө аракет кылып жүрөт. Бул үчүн Кылмыш-жаза кодексинен баштап башка мыйзамдарын да оңдоп, шайкеш келтирүү керек.

Бир катар Европа өлкөлөрүндө, анын ичинде Франция, Германияда соттолуучулар мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошоо мүмкүнчүлүгү менен кылмышына карап өмүр бою эркинен ажыратылат.

XS
SM
MD
LG