Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Брекзит боюнча экинчи референдум өткөрүү маселесин палатага добуш берүүгө алып чыгууга макул экенин жарыялады.
Анын шейшемби күнү билдиргенине караганда, кабинети Европа Биримдигинен чыгуу боюнча жаңы макулдашууну алып чыгып, белгилүү бир компромисске барууга даяр.
Референдум жөнүндө жобого ылайык Европа Биримдиги менен макулдашууга парламенттин долбоору кошулат. Премьер-министр биримдиктен чыгууга каршы болгондорду бир убакта референдум жана макулдашууда белгиленген Европа Биримдигинен чыгууга добуш берүүгө чакырат.
- Евробиримдик менен макулдашууну бекитиш үчүн экинчи ирет референдум өткөрүүнү каалаган депутаттарга кайрылам. Бул үчүн силерге макулдашуу керек, албетте, макулдашууну бекиткен токтом да керек, - деди Мэй.
Жакында Евробиримдик Брекзит боюнча мөөнөттү 31-октябрга чейин узарткан. Биримдикке кирген өлкөлөрдүн көпчүлүгү Британияга 9 ай же бир жыл убакыт берүүнү жакташкан.
Ага чейин Мэйдин Брюссел менен чогуу түзгөн келишими паралментте үч сыйра добушка коюлуп, бирок өтпөй калган.