Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

Кожобеков: Окубай калган балдар кесиптик билим алууга укуктуу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин өкүлү Кудайберди Кожобеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, өз учурунда 9-класстан кийин окуусун уланта албай калган бардык адамдар кесиптик билим алышат. Ал үчүн колунда 9-классты бүтүргөнү тууралуу документи болууга тийиш. Кожобековдун маалыматы боюнча, учурда ашпозчулук, ширетүүчүлүк жана тигүүчүлүк кесипке окугандар көбөйгөн.

- Учурда бул кесиптерге талап көп болуп жаткандыктан, окууга кызыккандар да көбөйдү, - деди ал. - Эки жыл мурда биз тигүүчүлүк кесип боюнча дуалдык программаны сыноо иретинде киргизгенбиз. Бул программанын артыкчылыгы - теориялык билимден практикалык билимге көбүрөөк убакыт бөлүнөт.

Айрым депутаттар бүгүнкү талап кылынып жаткан IT технолог, компьютер адиси сыяктуу жана башка кесиптерге үйрөтүүнү көбөйтүүнү сунуштады.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 22-майда «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат.

XS
SM
MD
LG