Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

АКШ: Асаддын күчтөрү жаңы химиялык чабуул койду


Сирия.
Сирия.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Идлиб провинциясында 19-майда хлор колдонуп коюлган чабуулдун артында Сириянын куралдуу күчтөрү турат деген маалыматты иликтей баштады.

Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Морган Ортагус «эгерде Башар Асаддын режими химиялык курал колдонсо, анда АКШ жана биздин өнөктөштөрүбүз ыкчам жана адекваттуу жооп кайтарат» деп билдирди.

Мамдепартаменттин өкүлү «Дамасктын негизги өнөктөшү болгон Орусия башкаларды химиялык чабуулга күнөөкөр кылууга аракеттенип жатат» деп, Москваны «маалыматты бурмалоо өнөктүгү» үчүн айыптады.

21-майда Сириядагы жаңжалдашкан тараптарды элдештирүү борборунун башчысы Виктор Купчишин «согушкерлер жалган химиялык чабуулду уюштуруп, бул үчүн Асаддын күчтөрүн айыпташы ыктымал» деп билдирген. Генерал-майордун айтымында, согушкерлер уулуу заттарды өндүрүү жана топтоо үчүн атайын «химиялык бөлүк» түзүшкөн.

Орусия менен Түркия сентябрда Идлибде куралсыздандырылган буфердик зона түзүү тууралуу макулдашкан.

XS
SM
MD
LG